Жогорку Кеңештин саналуу депутаттары Баткенге жөнөп кетишти
RU

Жогорку Кеңештин саналуу депутаттары Баткенге жөнөп кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 22-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусу боюнча жабык жыйында Баткен облусуна барууну чечишти. Алар калк менен жолугушат.

Парламент имаратынын жанынан депутаттар үчүн эки чоң автобус даярдалган. Бирок 1 эле автобус аэропортту көздөй жөнөп кетти. Автобуска 10 гана эл өкүлү - Шаирбек Ташиев, Акбөкөн Таштанбеков, Жалалидин Нурбаев, Максатбек Сарбагышев, Нурланбек Азыгалиев, Айбек Маткеримов, Тазабек Икрамов, Нурбек Сыдыгалиев, Өмүрбек Бакиров жана Мирлан Самыйкожо отурду.

Акбөкөн Таштанбеков журналисттерге Баткенге каалоочулар гана бара жатканын билдирди.

"Эгер биз барбасак, айтмаксыңар "депутаттар эмнеге барбай коюшту?" деп. Кыйрагандарды калыбына келтириш керек, жасашыбыз керек. Депутаттар согушат дегенден алысмын. Алар эмне болуп жатканын жеринде көргүсү келет. Маселелер бар. Чек арачылар өз милдеттерин 500 пайызга аткарышты", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8562