Кудайберген базарындагы өрт 40 контейнерди жалмап кетти
4105
Бишкектеги Кудайберген базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм, 1 штаб жана ыкчам топ тартылган дешет ӨКМдан.
Өрт саат 17:45те чектөөгө алынып, саат 20:57де толук өчүрүлдү. Болжол менен өрттүн аянты 500 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу 20 контейнер күйгөн.
slide 3 of 2
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдар такталууда.
Урматтуу жарандар, электр буюмдарын абайлап колдонуп, өрт коопсуздугун сактаңыз!
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8565