Чет элдик дипломаттарга Баткендеги тажик аскерлери талкалаган үйлөр көрсөтүлдү
RU

Чет элдик дипломаттарга Баткендеги тажик аскерлери талкалаган үйлөр көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-17-сентябрда Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында кыйраган Баткен районундагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер боюнча дипломаттар жана ЖМК өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Алар Лейлек жана Баткен облустарындагы куралдуу агрессиядан эң көп жабыркаган айылдар: Интернационал, Максат, Достук жана Капчыгай айылдарында болушту.

"Жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери талкаланган жана тонолгон үйлөрдү, мектептерди, бала бакчаларды, базарларды, административдик жана социалдык объектилерди, милициянын таяныч пункттарын жана башка инфраструктуралык объектилерди көрсөтүп, Тажикстандын аскерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу айтып беришти",- деп айтылат билдирүүдө.

Тажикстан Республикасы тарабынан пландалган куралдуу кол салуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын 59 жараны каза болуп, 198 адам ар кандай жаракаттарды алышкан, 140 миңден ашык жергиликтүү тургундар эвакуацияланган. Ошондой эле, 374 турак-жай, 171 тиричилик объектилери, он социалдык объект (беш мектеп, эки бала бакча, үч медициналык мекеме), 153 жашоону камсыз кылуучу объектилер талкаланган жана жабыркаган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарага Франция, Улуу Британия, Украина, Кытай, АКШ, Венгрия, Түштүк Корея, Иран, Беларусь, Монголия, Пакистан, Катар, Индия, Россия, Азербайжан мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана өкүлдөрү катышты.

Кошумчалай кетсек, пресс-турга Европа Биримдигинин, ЕККУнун, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Аппаратынын, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын, Эл аралык Кызыл Кресттин, БУУнун Калк Фондунун өкүлдөрү, Чилинин ардактуу консулдары жана Сан-Марино, Португалия, Кипр катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8567