Баткенден эвакуацияланган окуучу: Мектепке баратканда колума учтуу нерсе же таш алып өтөм
RU

Баткенден эвакуацияланган окуучу: Мектепке баратканда колума учтуу нерсе же таш алып өтөм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам 16-сентябрда Баткен облусунун чек ара тилкелериндеги айыл тургундары үйлөрүн таштап качууга аргасыз болушту. Эвакуациялангандардын дээрлик баары ата-апалар, кыз-келиндер жана жаш балдар, кыздар.

Бишкектин Таш-Дөбө айылындагы медициналык академиянын кампусунда да Баткенден келген тургундар баш калкалап жатышат. Алардын арасында Таш-Тумшук айылынын тургуну, 8-класстын окуучусу Сапарбаева Альбина да бар. Тажиктер менен аралашып жашагандыктан сабакка барып, келүү чоң көйгөй жаратат деген Альбина буларды айтып берди.

"Таш-Тумшук айылындагы мектепте 7-класска чейин окудум. Окуучу аз болгону себеп ал жак жабылып, кошуна айылдагы мектепке барууга туура келди. Мектепке барарда тажиктердин үйлөрүнүн алдынан өтөм. Алар тийишет, ошондуктан өзүмдү коргоо үчүн дайыма учтуу нерсе салып же таш кармап алам. Эртең менен тажиктер уктап жатканда сабакка жетип алайын деп эрте чыгам. Мен билим алгым келет, ошондуктан президентке кайрылам", - дейт ал.

Бүгүнкү күндө жалпы 136 770 жаран Баткен облусунун чек арадан алыс айылдарына, Ош облусуна жана Бишкек шаарында убактылуу баш калкалап жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8569