Россиядан чыгып кетүүгө шашкандардын саны көбөйдү. Чек арадагы тыгын (видео)
RU

Россиядан чыгып кетүүгө шашкандардын саны көбөйдү. Чек арадагы тыгын (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казак-орус чек арасында Казакстанга кирген чет элдик жарандардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы 23-сентябрда билдирди.

Маалым болгондой, учурда иштеп жаткан 30 унаа өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат. Жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын агымынын көбөйүшүнө байланыштуу тыгындар байкалууда.

Кырдаал өзгөчө көзөмөлгө алынган.

"Чек ара кызматы компетенттүү мамлекеттик органдар менен бирдикте чек ара бекеттеринде коопсуздукту жана тартипти камсыздайт. Россиянын чек ара кызматы менен кызматташуу уюштурулду", - деп билдирди УКМК.

Айрым маалымат каражаттары Россияда 21-сентябрда жарыяланган жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Түндүк Осетиянын "Верхний Ларс" өткөрмө бекетинде автоунаалардын узун тыгыны пайда болгонун жазышууда. Алардын баары Грузияга бара жаткандар.

Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин Украина менен болуп жаткан согуштан улам орус жарандарын жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялаган. Андан кийин эле Россиядан башка жакка чыгып кетүү үчүн авиабилеттердин баасы кескин түрдө кымбаттады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8579