Тажикстандын кол салуусунда кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысы курулат
RU

Тажикстандын кол салуусунда кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысы курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-Тажик коогалаңында жабыр тарткан турак жайлар эки күндөн кийин салына баштайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев Баткенге болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, ведомстволор аралык комиссия өзүнүн ишин тез арада аяктап, 26-сентябрдан баштап турак жайларды сала баштайт.

"Жабыр тарткан турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Үйлөрдүн салынышы республикалык бюджеттен каржыланат. Үйлөр салынганда да кирпич менен салынат. Үстү монолит менен жабылат. Бүт эски үйлөр алынат да, жаңы имараттар тургузулат", - деп билдирди Айбек Жунушалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8584