Баткендеги кагылышта курман болгондордун сүрөттөрү Бишкектин көчөлөрүнө илинди
RU

Баткендеги кагылышта курман болгондордун сүрөттөрү Бишкектин көчөлөрүнө илинди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатактан улам курман болушкан аскер кызматкерлери менен милиционердин жаркын элесине арналып Бишкекте баннерлер орнотулду.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, баннерлер Малдыбаев-Ахунбаев, Тыналиев-Ахунбаев, Киев - Байтик Баатыр жана Чүй-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан билборддорго илинди.

Анда улук сержант Каныбек уулу Дурустун, кенже сержант Манас Баатырбековдун, улук сержант Акылбек Ташбековдин, катардагы жоокер Айбек Абдилабековичтин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажановдун жаркын элестерине арналып сүрөттөрү илинди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8585