ИИМ: Баткенге жардам деп акча чогулткан алдамчылар пайда болду
RU

ИИМ: Баткенге жардам деп акча чогулткан алдамчылар пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенге жардам деген шылтоо менен ар кандай банктык эсептерди ачкан алдамчылар пайда болгонун Ички иштер министрлиги эскертет. Мекемеден билдиришкендей, алдамчылар Баткен облусундагы соңку окуяда жаракат алган жоокерлердин сүрөттөрүн пайдаланышууда.

Адамдардын кайгысынан акча табууга аракет кылган алдамчылар пайда болду. Биз жарандардын көңүлүн өздөрүн ыктыярчы, активист катары көрсөтүп, каражат чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жаткан алдамчылардын кылтагына илинип калбоого бурабыз. Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүүдө.

ИИМден акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банк эсептер расмий билдирүүлөрдө гана көрсөтүлөрүн кошумчалашты.

Тажикстандын кол салуусунан 62 жараныбыз каза болуп, 198 жаран ар кандай жаракаттарды алышты. 430дан ашык үйлөр андан тышкары мектептер, бала бакчалар жана башка административдик имараттар талкаланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8595