Садыр Жапаров: Чек арадагы посттордун алынышына каршыларды мобилизациялагыла
RU

Садыр Жапаров: Чек арадагы посттордун алынышына каршыларды мобилизациялагыла

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы посттордун алынышына нааразы болгондорду мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, кызмат кылдыргыла деген тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, президент коргоо министрине "Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды" деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын "резервдик ротага" мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла",- деген тапшырманы берген.

"Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып "мына ушул жерибизди берип жатышат" деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өздөрү барып, өз көздөрү менен көрүп турушсун", - деген Жапаров.

Президенттин айтымында эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишкен.

"Бир дагы пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара посттору ачылбайт. Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет", - деп жазылат билдирүүдө.

"Ал эми "жерлерибизди алып коюшат" деп күмөн санаган жарандарыбызга айтаарыбыз, азыркы чек ара боюнча ар бир метр жерди эки тарап тең абдан жакшы билишет. Биздин жергиликтүү эл жана чек арачыларыбыз эч качан бир метр жерди да бербейт", - деген президент.

Анын айтымында ар бир чек ара тилкелер спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болот.

"Аскерлер жана жергиликтүү калк коопсуз жерлерден байкап турушат. Андыктан бул маселеде сарсанаа болууга эч бир негиз жок", - деп жыйынтыктаган ал.

Белгилей кетсек, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу тууралуу протоколго кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8600