Камчыбек Ташиев: Тургундардын талаптарын аткарып, бир да сантиметр жерибизди берген жокпуз
RU

Камчыбек Ташиев: Тургундардын талаптарын аткарып, бир да сантиметр жерибизди берген жокпуз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара постторун жана чек ара заставаларын алып салуу боюнча убактылуу протоколго эмнеге кол койгонун журналисттерге түшүндүрдү.

Анын айтымында, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия ишин улантууда. Кол коюлган протоколго ылайык, кыргыз-тажик тараптын үч заставасына жана бир чек ара постуна видеокамераларды орнотуу чечими кабыл алынган.

"Биз убактылуу алып салган участкаларда эч ким жашабайт, бирок ошол жерде тез-тез чыр-чатактар ​​болуп турат. Протоколго кол коюунун алдында мен Ак-Сай айылынын 50дөн ашуун жашоочулары жана айыл өкмөт башчысы Алимбек Сабиров менен жолуктум. Ага чейин комиссия аталган айылга эки жолу барган, эл макул болуп, өздөрү суранышкан. Тажикстандагы "Бедак" постун алып салсак Кыргыз тараптагы чек ара постун алып салууга макулбуз деп элдин баары айтышты. Тургундарыбыздын бардык талаптарын аткарып, кыргыз жеринин бир сантиметрин да берген жокпуз", - деди Ташиев.

Ал эч нерседен кабары жок адамдар Бишкекте же башка жылуу жерлерде жатып алып эч нерсени түшүнбөй эле Кыргыз жерин өткөрүп берди деген билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жазып жатышат дейт.

"Биздин өлкөгө туруктуулук жана тынчтык керек. Биз дал ушул багытта иш алып бардык жана аткардык. Биздин бардык чечимдерибиз Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн багытталган. Протокол 4-5 күндүн ичинде эки өлкөнүн кызыкчылыгынан улам иштелип чыккан", - деп түшүндүрдү Ташиев.

УКМКнын башчысы эч ким жаңжалдашууну каалабай турганын, тараптар чыр-чатакка чекит коюуга кызыктар экенин кошумчалады.

"Делимитация жана демаркациядан кийин кайсы пост кайда орнотулат деген маселе чечилет. Постторду консервациялоо убактылуу көрүнүш, мен чындап эле бул чечим тынчтык алып келет деп ишенем. Ошол эле учурда алдыда эч нерсе болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок белгилеп коюшум керек, Кыргызстан протоколдун бардык пункттарын аткарат жана экинчи тараптан да талап кылат", - деди Камчыбек Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8607