Тажик жараны кыргыз аскерлеринин миномётунан жарадар болду деген маалымат такталган жок
RU

Тажик жараны кыргыз аскерлеринин миномётунан жарадар болду деген маалымат такталган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматы Тажикстандын Ozodi.org сайты чындыкка дал келбеген маалымат жарыяланганын кабарлайт. Аталган басылма "Кыргызстандын аскер кызматкерлери тарабынан миномёттун жарылышынын натыйжасында жергиликтүү тургун жарадар болду" деген маалымат чыгарган.

"Ozodi.org сайтында жарыяланган маалыматты Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү тастыктаган жок. Маалым болгондой, тажик жараны чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери орноткон жарылуучу заттарга жарылып каза болгон", - дешет мекемеден.

УКМКнын Чек ара кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарын мындай жалган жана негизсиз билдирүүлөр менен коомчулукту жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынын тургундарын адаштырбоого чакырат.

Кыргызстан Тажикстандын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эл аралык келишимдерди, макулдашууларды так сактайт дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8610