Интернетке Эмомали Рахмондун каза болгону тууралуу маалымат тарап жатат
RU

Интернетке Эмомали Рахмондун каза болгону тууралуу маалымат тарап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Баткен облусуна, Оштун Чоң-Алай районуна куралдуу кол салуусунан кийин социалдык тармактарда тажик президенти Эмомали Рахмон инсульт алып, каза болгону тууралуу маалыматтар тарады. Бирок Тажикстандын тиешелүү органдары айтылган кептерди тастыктап же расмий түрдө четке кага элек.

Тажикстандын президентинин сайтында бүгүн, 27-сентябрда Эмомали Рахмондун Россиянын Ижевск шаарындагы №88 мектептеги окуяга байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтуусу жарыяланды.

Ал эми 20-сентябрда тажик лидери Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен, 18-сентябрда Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалган.

Эмомали Рахмондун акыркы сүрөтү 16-сентябрда жарыяланган. Тагыраагы, Рахмон ШКУнун саммитинде Садыр Жапаров менен сүрөткө чогуу түшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8614