Токаев Казакстанга агылган россиялыктарга жеңилдиктер берилбей турганын айтты
RU

Токаев Казакстанга агылган россиялыктарга жеңилдиктер берилбей турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанга агылган Россиянын жарандары боюнча Касым Жомарт-Токаев пикирин билдирди. Ал Туркестан облусуна жасаган жумушчу сапарында коңшу өлкө менен биримдикте болуу маанилүү экенин айтат.

"Акыркы күндөрү Россиядан көптөгөн адамдар келип баштады. Көпчүлүгү азыркы акыбалга байланыштуу амалы калбай келип жатат. Аларга камкордук көрсөтүп, коопсуздугуна көңүл бурушубуз керек. Бул саясий жана гуманитардык маселе. Муну мен өкмөткө тапшырдым. Бизде эч кандай кризис жана дүрбөлөң жок. Сырттан келген адамдарга көмөк көрсөтүлөт, бирок жеңилдиктер берилбейт. Бардыгы мыйзамдын, келишимдин негизинде болот. Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өлкөбүздүн мүдөөсүнө ыңгайлуу жагын тандайбыз", - деген Токаев.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 21-сентябрдан бери Россиянын 98 миңдей жараны өлкөгө киргенин кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8623