Алмазбек Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды
RU

Алмазбек Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ички иштер министрлиги тарабынан кармалды. Маалыматты Kaktus.media редакциясына өздүк булактар ​​тастыкташты.

Маалым болгондой, ал пара алып жаткан жеринен кармалган.

Ал эми Ички иштер министрлигинен Алмазбек Бейшеналиев өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдиришти.

"Чет элдик студенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири суммада (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенип жатат", - дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8645