"Кезектеги шермендечилик". Түркиядагы Көчмөндөр оюнунда тигилген боз үйдүн абалы
RU

"Кезектеги шермендечилик". Түркиядагы Көчмөндөр оюнунда тигилген боз үйдүн абалы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Какtus.media сайтына окурман кайрылып Түркиядагы Көчмөндөр оюндарында тигилген боз үйгө нааразы экенин айткан.

"Бул боз үйдө рекордго жетем деп аракет кылып жаткан манасчы бар. Эшигине "кирбегиле жана эшиктен карабагыла" деп жазып коюшкан. Эч кандай улуттук жасалгалар жок. Боз үйдү жок дегенде төшөк, туш кийиз, комуз менен жасалгалап койсо болмок. Боз үйдүн абалын карагыла: жасалгалары кыйшайган, плакат түшүп калган.Экинчи боз үйдүн ичи чачык. Бир кыз, бир бала коюп коюшкан. Алар боз үйгө кирген конокторго эч нерсе түшүндүрө албайт",- деп окурмандын ачуусу келет.

"Түркияда элчилик, консулдук бар, диаспоралар алардын жардамы менен боз үйдү татыктуу деңгээлде кооздоп коюшса болмок. Дубайдагы ЭКСПОдо да стенд араң жасалгаланган. Былтыр Анталияда Кыргызстан үчүн жаңы жылдык жарманкеден орун беришкен, анын ачылышында эки порция манты менен оромо, бир табак боорсок коюлган. Башка күндөрү бош турган.Эмне үчүн ушундай иш-чараларга каражат бөлбөй жатышат?! Муну менен кыргыз элинин маданиятын көрсөтүп жатышпайбы", - деп кошумчалады окурман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8649