Малдын катышуусундагы жол кырсыгына ким күнөөлүү жана кандай жоопко тартылат?
RU

Малдын катышуусундагы жол кырсыгына ким күнөөлүү жана кандай жоопко тартылат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күздүн келиши малдын катышуусундагы жол кырсыктары каттала баштады. Буга байланыштуу Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери жеринде мал ээлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, ушул жылдын сентябрь айынын башынан бери эле малдын катышуусунда 18 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 7 адам каза болуп, 9 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. 21 унаа ээлерине олуттуу материалдык зыян келтирилген.

Мал айдагандар кандай эрежелерди сакташы керек?

Жол кыймылынын эрежелеринин 1.2-пунктуна ылайык, мал айдаган жарандар жол кыймылынын катышуучусу болуп саналат. Мал айдаган жарандарга жол кыймылынын эрежелеринин 24-бөлүмүндө көрсөтүлгөн айрым талаптар коюлат:

24.5 пунктуна ылайык, малды жол аркылуу, эреже катары, күндүзү айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо, аларды автомобиль жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш.

27.7 пунктунун негизинде арабаны (чананы), минилүүчү, көлүк малдарды жана малдын тобун айдоочуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

  • малды жолго кароосуз калтырууга;
  • атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде, ошондой эле караңгыда жана айлана начар көрүнгөн шартта малды темир жол жана жол аркылуу айдоого (буга ар кандай деңгээлдеги мал айдоочу жерлер кирбейт);
  • башка жолдор болгон учурда асфальт жана цемент-бетон төшөлгөн жол боюнча мал айдоого;
  • чегилбеген малды кыймылдын багытында арабадан бир метрден ашпаган аралыкка оң жакка байлабастан арабаны (чананы) башкарууга.

Жол кыймылынын эрежелеринин ушул пункттарынын талаптарын бузгандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык (Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) 1000 сом өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн.

Кырсыкка себеп болгондор кандай жоопкерчиликке тартылат?

  • Жогорудагы жоопкерчиликтен тышкары, эгерде жол кырсыгына жолдогу мал себеп болгондугун соттук-техникалык экспертиза тарабынан тастыкталса, анда мал ээсинен транспорт каражатынын ээсине келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу талап кылынышы мүмкүн.
  • Эгерде ушундай жол кырсыгынан унаадагы адамдар денелеринен жаракат алса, анда мал ээлери алардын дарылануусун төлөп бериши керек.
  • Ал эми адамдар каза болуп калса, анда мал ээлери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери мал ээлерине кайрылып, аларды этият болууга, малды алып өтүүнүн белгиленген тартибин бузбоого, малды кароого жана жолдо өзгөчө кырдаалдарды жаратпоого чакырат. Ал эми айдоочулар мал жайылып жаткан же малдар өтүүчү жол тилкесине жакындаганда "Мал айдап өтүү" жол белгилерине өзгөчө көңүл буруп, белгиленген ылдамдыкта айдап, коркунуч жаралган учурда жол кырсыгын болтурбоого аракет көрүшү зарыл дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8650