Казакстан Россиянын 15 телеканалын көрсөтүүнү токтотот
RU

Казакстан Россиянын 15 телеканалын көрсөтүүнү токтотот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Beeline Казакстан телекоммуникация компаниясы 5-октябрдан тарта өлкөдө "Биринчи канал" жана "Россия 24" каналын көрсөтүүнү токтотот. Бул тууралуу Lenta.ru кабарлады.

Маалыматка ылайык, "TV Интернет Дома" пакетинин алкагында орусиялык телеканалдардын көрсөтүүсү токтотулат. Beeline "Первый канал СНГ", "Россия 24", "Дом кино", "Победа", "О!", "НТВ МИР", "Карусель International", "Музыка Первого", "РТР Планета", "Время: далекое и близкое", "Телекафе", "Поехали", "Дом кино Premium HD", "Бобер", жана "Россия К" каналдарын көрсөтүүнү токтотот. Бирок, азырынча мунун себеби айтыла элек.

Белгилей кетсек, сентябрдын аягында Литва дагы эки жылга орус телеканалдарын көрсөтүүгө тыюу салганы кабарланган. Литванын парламенти Россия менен Белоруссия каржылаган каналдарды көрсөтүүгө тыюу салды.

Март айында Украинада атайын операция башталганда Литванын Радио жана телеберүү борбору да мамлекеттер аралык "Мир" телеканалынын берүүлөрүн кайра көрсөтүүгө тыюу салган. Мындан тышкары, өлкө жабылган орус жана белорус каналдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берген 57ден ашык интернет-ресурстарды да жаап салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8651