Жанар Акаев министрлерди кармап, видеого тартып шоу кылганды токтотууга чакырды
RU

Жанар Акаев министрлерди кармап, видеого тартып шоу кылганды токтотууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министринин кармалышы боюнча депутат Жанар Акаев пикирин билдирип, видеого тартып жарыялап, шоу кылганды токтотуу керек дейт.

"Алмасбек Абытовго жана министрлер кабинетине кайрылайын дедим. Эгерде кайсы гана министр болбосун пара талап кылып, акча алган болсо жазасын алыш керек. Бирок бизнесмендерди, министрлерди кармап, музыканын коштоосунда шоу жасаганды качан токтотосуңар? Билим берүү министри пара алган күндө деле мамлекеттик саясат, мамлекеттик идеология болуш керек да. Министрдин колун кайрып кармап кеткенден кийин миңдеген мугалимдердин духу түштү. Пара талап кылып, акча алган күндө дагы видеого тартып, музыка коюп, шоу кылбай эле чакырып "пара талап кылдың, ката кетирдиң, кет" десе болот эле го. Мугалимдер шалдайып отуруп калышты. Алар балдарга кантип барып сабак өтөт? Ушундай саясатты да караш керек да. Анча-мынча нерсени жашыруу керек", - деди ал.

Депутат өлкөдө камалбалган акчалуу киши калбайт окшойт дейт. Айтымында, ушундай боло берсе мамлекеттик кызматка эч ким иштебейт.

"Мында отурган депутаттардан сурагыла "мамлекеттик кызматка барасыңбы?" деп, эч ким барбайт. Кызматка алып барасыңар да 1-2 ай иштетип туруп кайра камайсыңар. Сабатсыз, түрмөгө барып отурганга макул болгондор барып иштесин анда", - деп агынан жарылды.

Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев чет элдик студенттерди жогорку окуу жайга кабыл алууда 110 миң доллар пара алган делинип ИИМ тарабынан кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8654