"Бул жакта кимди коргойт". Депутат Бишкектеги аскерлерди Баткенге жибериш керектигин айтты
RU

"Бул жакта кимди коргойт". Депутат Бишкектеги аскерлерди Баткенге жибериш керектигин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коргонбай уулу Жусупбек Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкектеги аскерлерди Баткенге жиберүү керектигин айтты.

"Кой-Таштагы аскердик бөлүк эмне ак үйдү коргойбу? Балыкчыда аскер гарнизону турат. Ошолорду Баткенге жибериш керек. Мындан тышкары аскердик окуу жайлардын барын Баткенге жылдырсак. Тажик тарап кайрадан качан кирип келет кудай билет. Өзгөчө макамга ылайык чара көрүшүбүз керек", - дейт депутат.

Ал ошондой эле Ноокаттын жолу тууралуу сөз кылды.

"Ноокаттын жолу айтылып бутпөс арман болуп калды. Акылбек Жапаров мурун убада кылгандарын аткарбады. Транспорт министрин отставкага кетирүүнү талап кылып жатабыз. Кенеген киши жок", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8655