Жамгыр жаап, карга айланат. Кыргызгидрометтин эскертүүсү
RU

Жамгыр жаап, карга айланат. Кыргызгидрометтин эскертүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 1-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектериндеги райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу болот.

  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө 11...16°;
  • Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 16...21° чейин;
  • Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык зонасында 9...14°,
  • тоолуу райондордо 1...6°,
  • бийик тоолуу аймакутарда -1...+4° суук болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 1...3 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жашылча-жемиш өсүмдүктөрүнө, казылган жана ачылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8659