Талкууга алынган боз үй боюнча министрлик түшүндүрмө берди
RU

Талкууга алынган боз үй боюнча министрлик түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Туркияда көчмөндөр оюндарына тигилди деп социалдык тармактарда талкууланып жаткан боз үй Көчмөндөр оюндарына тиешеси жок. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри  Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында бул боз үй Түркиянын Бурса шаарындагы "Меринос" сейил багында өткөн "Манас жумалыгына карата карата Түркиянын Чубук кыргыздары тарабынан тигилген боз үй болгон. Ал "Манас жумалыгынын" жумушчу тобу үчүн гана тигилген.

"Ал эми, Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өтүп жатат", - деп жазган ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8664