Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган сапары аяктады
RU

Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады. Ал бүгүн, 30-сентябрда Бишкекке кайтып келгенин президенттин администрациясынан кабарлашты.

Садыр Жапаров иш сапардын алкагында Бурса шаарындагы Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган "Осман гази жана Орхан гази турбеси" мемориалына барды.

Андан соң делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган "Кыргыздар турбеси" мемориалына барышты.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Андан соң Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечегин талкуулашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8668