ИИМ: Алмазбек Бейшеналиев пара катары алган акчанын бир бөлүгүн кайтарды
RU

ИИМ: Алмазбек Бейшеналиев пара катары алган акчанын бир бөлүгүн кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин маалымат кызматы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мурда пара түрүндө алган 37 миң 500 долларды кайтарып бергенин кабарлайт.

"Тергөөнүн версиясы боюнча, Бейшеналиев чет элдик студенттерди Кыргызстандын окуу жайларына кабыл алуу үчүн өкмөттүн токтому керек экенин, кабыл алынгандан кийин маселени чечип берүүнү убадалап, аларды даярдоо үчүн 100 миң доллар талап кылган. Мындай сумманы ал 28-августта алганын билдирди. Бир нече убакыт өткөндөн кийин токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетүү үчүн дагы 10 миң доллар керек деп сүйлөшүп, жыйынтыгында 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган", - дешет министрликтен.

ИИМдин маалыматы боюнча, Алмазбек Бейшеналиев жалпы 110 миң доллар өлчөмүндө пара алган. Тергөө учурунда ал 37 миң 500 долларды кайтарып берген. "Калганын жакын арада төлөп берүүнү убада кылган" деп кошумчалашты мекемеден.

Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган. 29-сентябрда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8676