127 адам тебелендиде каза болду. Кайгыга айланган футбол (видео)
RU

127 адам тебелендиде каза болду. Кайгыга айланган футбол (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индонезияда футбол матчындагы тополоңдон жүздөгөн адамдар каза болду. Бул трагедияны жергиликтүү полиция билдирди.

Футбол боюнча өлкө чемпионатында "Арема" жана "Персебая" клубдары беттешкен. Эсеп 2:3 болуп финалдык ышкырык жаңыргандан кийин ага нааразы болгон Ареманын күйөрмандары талаага чуркап чыгышкан.

Тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газды колдонууга аргасыз болушканы айтылат. Андан кийин атышуу башталып, төбөлдөр пайда болгон. Натыйжада 127 адам набыт болду. Алардын көбү тебеленип каза болгондугу айтылууда. Жабыркагандардын арасында аялдар, балдар жана полиция кызматкерлери да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8680