Милициянын капитаны 150 миң сом талап кылганга шектелүүдө
RU

Милициянын капитаны 150 миң сом талап кылганга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Биринчи Май РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Ал кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча 343-берененин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8685