Кыргызстандын биринчи айымы реабилитациялык борборго барды
Кыргызстандын биринчи айымы алгачкы жолу өз алдынча коомчулуктун алдына чыкты. Буга чейин ал ар дайым жолдошу, президент Садыр Жапаровду коштоп келген. Айгүл Жапарова "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборуна баш бакты.
"Тумар" бий коллективинин катышуучулары социалдык тармакка бул тууралуу билдирип, сүрөттөрүн жайгаштырышкан.
"Тумар" тобу көптөн бери бийлей элек болчубуз. Бүгүн биздин "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборубузга Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова белектери менен келип кетти. Ал эми биздин топ ага өнөрүн көрсөттү", - деп билдирүүдө жазылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/868