Ветеринардын кызматкери кечигип келгени үчүн парламентте сөгүш алды (видео)
RU

Ветеринардын кызматкери кечигип келгени үчүн парламентте сөгүш алды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында депутаттар ветеринардык кызматтын жетекчисинин орун басарына сөгүш беришти.

Комитеттин жетекчиси Аманкан Кенжебаев ветеринардык кызматтын өкүлдөрү жок экенине кыжырданды. Айыл чарба министринин орун басары тизмедеги чиновниктердин баары чакырылганын айтты.

Кийин жыйынга ветеринардык кызматтын жетекчисинин орун басары келген. Аны Кенжебаев кечигип келгени үчүн урушуп салган.

"Урматтуу ветеринардын орун басары, эмнеге кечигип калдыңыз? Начальнигиңиз командировкада, эмнеге келген жоксуз? Чакырылгандардын тизмесинде турасыз, эмнеге бир саат кечиктиңиз? Дегеле бул жакка эмнеге келдиңиз?" – деп ачууланды.

Андан соң депутат министрдин орун басарына башка кызмат адамдары келбей калганы үчүн сөгүш жарыялады.

"Эмне үчүн тартипти карабайсыңар? Бул жигиттерди жакында эле шайлап бербедик беле. Эмне жарым жылда эч кимге баш ийбей калабы? Жаштар деп жаштарды алдыңар эле, кана иштегени?" - деди Кенжебаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8694