ЖК Транспорт министри кызматына Текебаевдин талапкерлигин жактырды
RU

ЖК Транспорт министри кызматына Текебаевдин талапкерлигин жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Тилек Текебаевдин талапкерлигин жактырды. Эми анын талапкерлиги парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдиргендей, талапкер 1972-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин бүтүргөн. Эмгек жолун "Кыргызтрансавто" ААКсында механик болуп баштап, директорлук кызматка чейин жеткен. Ошондой эле "Бишкек-Нарын-Торугарт" ЖАК директорунун орун басары, "Бишкекасфальтсервис" МИнин башкы инженери, Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын начальниги болгон. Ал өткөн жылы Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы кызматын да аркалаган.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Текебаев учурда ведомство ишке ашырууну көздөп жаткан 15 инвестициялык долбоорду карап жатканын билдирди.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу да аягына чыгат. Долбоор жактырылды, бирок ага айрым оңдоолор киргизилиши керек", - деди ал.

Комитеттин төрагасы Бактыбек Сыдыков Текебаев комплекстүү министрликти жетектей турганын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Текебаевдин талапкерлигин бир добуштан жактырышты.

Эске салсак, бир күн мурда президент Садыр Жапаров бир катар министрлерди, анын ичинде Транспорт министрлигинин башчысы Эркинбек Осоев кызматтан алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8704