Мамлекет Баткенди калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү
RU

Мамлекет Баткенди калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети Баткен облусун калыбына келтирүүгө 3 миллиард сом бөлдү. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

"Бөлүнгөн каражат талкаланган аскердик жана жарандык инфраструктураны, социалдык, ирригациялык объектилерди оңдоп, түзөөгө капиталдык оңдоого, калкты таза суу менен камсыздоого, турак жай салууга жана жолдорду реконструкциялоого жумшалат", - деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, чек ара жаңжалынан кыргыз тараптан 640 турак жай, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлуп, талкаланган.

Президент 2-3 айдын ичинде үйлөрдү салып бүтүүнү тапшырды. Ага чейин үй-жайсыз калгандар мектептерде жашап турушат. Андан тышкары жылууланган чатырлар тигилип жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8705