Ошто милиция кызматкерлери сабаганын айткан кыз үй камагына алынды. Окуянын чоо-жайы
RU

Ошто милиция кызматкерлери сабаганын айткан кыз үй камагына алынды. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Kaktus.media`га Ош шаарынын тургуну кайрылып, аны милиция кызматкерлери сабаганын айткан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кыздын укук коргоочулар тарабынан сабалганы жалган экенин кабарлап, окуянын чоо-жайын билдиришти.

Арыздануучунун берген маалыматы жалган жана мындай аракети менен ал кылмыш жоопкерчилигинен качууну, милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөп жаткандыгын баса белгилейт.

Окуя 29-сентябрда Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү дарыканада орун алган. Анда дарыканада эки бейтааныш кыз ызы-чуу салып жаткандыгы кабарланган. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Фарм-Ленд" дарыканасына эки кыз келип, бир дарыны талап кылышып, аны бербей койгондугу үчүн сатучуну оозго алсыз сөздөр менен тилдеп ызы-чуу салгандыгы аныкталган.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барганда кыздар милиция кызматкерлерине баш ийбей, алардын дарегине жаман сөздөрдү айтышып, ызы-чуу салышкан. Кыздарды милиция бөлүмүнө алып кетүүгө аракет кылганда алардын бирөө милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, колун тиштеп алган. Андан тышкары нөөмөттөгү тергөөчүгө дагы каршылык көрсөтүшүп, анын да колун тиштеген.

Бул факты боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда кызматкерлерге каршылык көрсөткөн Э.Б. аттуу кыз кармалып, сот тарабынан үй камагына алынган. Адегенде ал өзүн Кара-Суу районунун тургуну экендигин, аты Иманохон экенин айтып, жалган маалыматтарды берген.

Б. Эргешова убактылуу кармоочу жайына киргизилип жатканда денесинде эч кандай жаракаттары жок болгон. Анын денесиндеги жараттар кармалганда жана убактылуу кармоочу жайда отурганда болгон эмес. Учурда анын милиция кызматкерлерине карата жалган маалымат бергендиги боюнча тиешелүү юридикалык баа берүү жагы каралууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8706