Бишкекте эки жаңы жер алдындагы өтмөк курулат. Кайсы аймактарда?
RU

Бишкекте эки жаңы жер алдындагы өтмөк курулат. Кайсы аймактарда?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте дагы эки жер алдындагы өтмөк пайда болот. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 4-октябрда "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Мэр борбор калаанын негизги көйгөйлөрүнүн бири унаа тыгыны экенин белгиледи. Бул маселени чечүүнүн бир жолу жер астындагы өтмөктөрдү куруу болуп саналат.

"30 жылдан бери шаарда бир дагы жаңы жер астындагы өтмөк курулган эмес. Шопоков менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде көп учурда унаа тыгыны пайда болот. Ал жерге жер астындагы өтмөктү курууну пландап жатабыз. Бейшеналиев менен Чүйдүн кесилишинде да ошондой көрүнүш. Аларды курууга даяр адамдар бар. Курулуш бюджеттин эсебинен болбойт. Буюрса жакында баштайбыз", - деди мэр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8707