Сокулукта архитектура башкармалыгынын адиси 80 миң сом алып жатканда колго түшүрүлдү
RU

Сокулукта архитектура башкармалыгынын адиси 80 миң сом алып жатканда колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик архитектура башкармалыгынын кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан белгилешкендей, кызматкер 80 миң сом пара алып жатканда колго түшүрүлдү.

Белгилүү болгондой, 27-сентябрда Сокулук райондук мамлекеттик архитектуранын башкармалыгынын Р. аттуу кызматкери жаңы үйдүн курулушуна байланыштуу чийме эсептөөлөрдү камтыган архитектуралык долбоорду тез арада чечип берүүнү убадалап 150 000 сом акча талап кылып жаткандыгы кабарланган.

Арыздын негизинде 343-берене (Опузалап пара алуу) фактысы менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам тергөө иштеринин алкагында Романовка айылында 80 миң сом пара алып жаткан жеринен Сокулук райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетектөөчү адиси С.Р. кармалды. Кармоо учурунда анын шымынын оң чөнтөгүнөн арыз ээсинен алган 80 миң сом акча далил катары алынды.

Пара алууга шектелген кызматкер Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8708