Кечигип келгени үчүн сөгүш алган кызматкер: Мага чакыруу келген эмес (видео)
RU

Кечигип келгени үчүн сөгүш алган кызматкер: Мага чакыруу келген эмес (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир күн мурун депутат ветеринардык кызматтын жетекчисинин орун басарын кечигип келгени үчүн урушкан. Кечигип келгени үчүн сөгүш алган Бектур Мурзабеков жыйынга эмне үчүн кечигип келгенин Kaktus.media сайтына айтып берди. Анын айтымында, ал жыйынга чакырылган эмес.

"Мен кечигип келген жокмун. Мага оозеки да, кат жүзүндө да чакыруу келген эмес. Ал башка комитеттин отуруму болгон, бизге тиешелүү жыйын саат 14:00гө белгиленген болчу. Бул комитетке менин атым жазылган тизме кантип келип калганын билбейм", - деди ал.

Мурзабеков кошумчалагандай, Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинети биргелешип иштеп, өлкөдө жылыш болушу керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8716