"Уят". Садыр Жапаровду Өзгөндүн эли кантип узатышты (видео)
RU

"Уят". Садыр Жапаровду Өзгөндүн эли кантип узатышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси боюнча президент Садыр Жапаров менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусу болуп өттү.

Административдик имараттын кире беришинде президент менен жолугуша албай турган элди милиция кызматкерлери эки тарапка бөлүп, Жапаровду узатышты.

Видеонун автору: Бек Айдин.

Президент имараттан чыгып, эл менен сүйлөшпөй түз эле машинага отурган. Президенттин артынан бирөөлөр "Жапаров элге түшүндүргүлө, Кемпир-Абаддын берилишине каршыбыз" деп кыйкырышты.

Президенттен кийин парламенттин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев чыкканда аларды кол чабуулар менен тосуп, алардан да түшүндүрмө сурашкан. Бирок, алар да эл менен диалог курган эмес.

Маалым болгондой, айрым жарандар акция уюштуруп, бардык жергиликтүү тургундар менен ачык жолугушууну талап кылышкан. Кемпир-Абад суу сактагычын Кыргызстанда калтыргыла деп чыгышты.

Сентябрдын аягында Ош облусунун Өзгөн районунда акция өтүп, анда жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүп кетерине тынчсызданып, акыркы протокол боюнча президенттен түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюшканы маалымдалган.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Ташкентте сүйлөшүүлөр жүрүп, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев суу сактагычтын дамбасы толугу менен өзбек тараптын көзөмөлүндө болорун, бирок суу ресурстары биргелешип пайдаланыла турганын билдирген. Бул макулдашуулар элдин нааразычылыгын жаратты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8721