Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгынан эмнеге кеткенин айтты
RU

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгынан эмнеге кеткенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-октябрда парламент жыйынында билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы эл тарабынан шайланып, милдеттерин так аткарып келе жатканына 1 жылдан ашык убакыт өткөнүн белгиледи.

"Бул аралыкта мен парламенттин ишмердүүлүгүнө өз салымымды кошууга аракет кылдым. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн маанилүү чечимдерди, мыйзам долбоорлорун кабыл алдык, анын ичинде жаңы Конституция да бар. Бирок бул менин гана эмес парламенттин да эмгеги. Бирок бүгүн бир чечимге келдим. Буга парламентте болгон соңку окуялар себеп болду. Бул тууралуу кээ бир депутаттарыбыз айтып, маалымат каражаттарына чыгып кетти. Биздин айрым депутаттар Баткенге барышты. Мен ошондон кийин кызматымды тапшырып Баткенге кетүүнү чечтим. Бирок кесиптештерим убактылуу кызматтан кетүүмдү суранышты. Милдеттеримди вице-спикер Жамиля Исаевага тапшырдым. Бүгүн мен өз ыктыярым менен төрагалыктан кеттим. Бул менин жеке чечимим. Мени кесиптеш катары туура түшүнөсүңөр деп ойлом. Төрагалык орун бош", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8723