Акылбек Жапаров кызыкчылыгы болгондо эле Ак Үйгө келет дейт депутат
RU

Акылбек Жапаров кызыкчылыгы болгондо эле Ак Үйгө келет дейт депутат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ак Үйгө кызыкчылыгы болгондо гана келерин айтты.

"Акылбек Үсөнбековичтин кызыкчылыгы болгондо таңкы саат 8ден кечке чейин Ак Үйдө жүрөт. Кечээ төраганы шайлардын алдында Акылбек Жапаров баш болуп, Курманкул Зулушев төш болуп Ак Үйдө жүрүштү. А бүгүн министрлерди шайлаганга келгенде же биздин суроолорубуз болгондо келбейт. Ошондуктан мен дагы Акылбек Жапаров келип берсин деп талап кылам", - деди ал.

Бүгүн Жогорку Кеңеште 4 министрдин талапкерлиги каралып жатат. Көпчүлүк депутаттар жыйынга министлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8743