Мэрия таштанды полигонундагы түтүндү топурак менен өчүрүүнү чечти
RU

Мэрия таштанды полигонундагы түтүндү топурак менен өчүрүүнү чечти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги таштанды полигонундагы түтүндү өчүрүү иштери улантылып жатат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, түтүндү өчүрүүгө муниципалитет тарабынан Профсоюзная көчөсүндөгү топурактарды чыгарууга жана түтөп жаткан жерге төгүүгө каражат бөлүнгөн.

250 унаа топурак төгүү пландалууда. Топурактарды чыгаруу менен көчөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн аймак тазаланып, маселе жарым-жартылай чечилет.

Учурда жеринде "Тазалык" жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканаларынын, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жана "Бишкексууканал" башкармалыгынын, "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын атайын техникалары иштеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8749