Ташиев, Жапаровдун жакын таанышы болом деп алдамчылык менен алектенген жаран кармалды
RU

Ташиев, Жапаровдун жакын таанышы болом деп алдамчылык менен алектенген жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК алдамчылык менен алектенген жаранды камакка алышты. Ал Ташиев менен Жапаровдун жакын таанышы болом деп алдап, адамдарды жумушка орноштуруу убадасын берген.

Кылмыш ишинин алкагында КРдин Жазык Кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча КЖБРге катталып, 4-мартта камакка алынды. Анын жанында 50 миң сому бар болчу.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектелүүчү өзүн УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин жана президент Садыр Жапаровдун жакын туунымын деп тааныштырып, $15 миң долларга жетектөөчу кызматтарга орноштурууну убада берип келген. Аванс катары А. Б. А. жаранынан $1000 алган. Шектелүүчү УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

УКМК эскертүү берет, республиканын жогорку жетекчилиги менен болгон тааныштыгын айтып, мамлекеттик органдардага жумушка орноштурам деп убада берген жарандар кылмышкерлер.

УКМК ушундай сыяктуу фактылар орун алса 0312 66 00 20, 0312 66 04 75 телефон номерлерине байланышып билдирип коюуну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/874