Жогорку Кеңеш министрлик кызматка 4 талапкерди жактырды
RU

Жогорку Кеңеш министрлик кызматка 4 талапкерди жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары транспорт, билим берүү, маданият жана энергетика министрлеринин кызматына талапкерлерди карады. Талапкерлер:

  • Алтынбек Максүтов - маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна;
  • Тилек Текебаев - транспорт министри кызматына;
  • Уланбек Мамбетакунов - билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;
  • Таалайбек Ибраев - энергетика министри кызматына.

Депутаттар узакка созулган талкуудан кийин көпчүлүк добуш менен алардын талапкерлигин жактырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8751