"Сиз деңиз!". Парламентте айтыша кеткен Улан Бакасов менен Бакыт Төрөбаевдин видеосу
RU

"Сиз деңиз!". Парламентте айтыша кеткен Улан Бакасов менен Бакыт Төрөбаевдин видеосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште жыйын учурунда депутат Улан Бакасов менен Бакыт Төрөбаев кайым айтыша кетишти.

Алардын айтышуусуна Нарын шаарындагы жолду оңдоо иштери себеп болгон. Анда Улан Бакасов Төрөбаев 5 чакырым жолду оңдоп берүүнү убадалаганын айтат.

"Сиз, Бакыт Эргешович 5 чакырым жолду оңдоп берем деп убада бергенсиз, бир метри да жасалган жок. Эркекче сөзүңөргө тургула да",- деди.

Өз кезегинде Төрөбаев мындай убада бербегенин айтты.

"Эмне деп жатасың? Мен сага кандай сөз бердим эле? Мен өзүмдүн сөзүмдү билем. Планда болсо оңдоп беришет деп айттым", - деп жооп берди.

Бакасов Төрөбаевге сиз кайрылууну талап кылды.

"Мен сизге урмат-сый менен кайрылып жатам, сыпайы болуңуз, сиз деңиз", - деди ал.

Төрөбаев Улан Бакасовго "аша чаап баратасың" деп жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8752