Аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу сунушталды
RU

Аскердик кызмат өтөө мөөнөтүн узартуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коргоо министрлиги "Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпыга бирдей мөөнөткө чакыруу, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Министрликтин сунушу

Учурда Кыргызстанда аскердик кызматтын мөөнөтү 12 айды түзөт. Министрлик коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, жаза аткаруу тутумунун маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча аскерге милдеттүүлөрдү белгиленген мөөнөттөн 2 айга көбүрөөк кармоону сунуштайт. Башкача айтканда, кээ бир адамдар үчүн кызмат өтөө мөөнөтү 14 ай болушу мүмкүн.

Эмне үчүн?

Документте мурунку чакырылыштагы аскер кызматчылары кызматтан бошотулганда жаңы чакырылыштагы аскер кызматчыларынын тийиштүү даярдыгы жок болгон жагдайлар келип чыгат деп айтылат. Бул Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы күжүрмөн даярдыгына таасирин тийгизет.

"Мындай аракет жаңы чакырылыштагы аскер кызматчыларын окутуу, даярдоо мезгилинде мурда чакырылган аскер кызматчыларын аскердик кызматта кылуусуна мүмкүндүк берет", - деп белгилейт Коргоо министрлиги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8754