Эртең Бишкекте масштабдуу ишембилик өтөт
RU

Эртең Бишкекте масштабдуу ишембилик өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 8-октябрда Бишкек шаарында масштабдуу ишембилик өткөрүлөт. Бишкек шаарынын мэриясы бардык шаар тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышууга чакырат.

Урматтуу шаар тургундары, айлана-чөйрөгө кам көрүү, тазалык жана ыңгайлуулук ар бирибизден башталат. Четте калбай, жарандык активдүүлүктү көрсөтүңүздөр.

Буга чейин өлкө боюнча масштабдуу ишембилик 17-сентябрга белгиленген. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам масштабдуу ишембилик токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8758