Кыргызстандан Өзбекстанга чыгууга убактылуу чектөө киргизилди
RU

Кыргызстандан Өзбекстанга чыгууга убактылуу чектөө киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

7-октябрдан тарта "Достук-автодорожный" өткөрүү пунктунда Кыргызстандан Өзбекстанга жарандардын чыгуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда капиталдык курулуш аяктап, имараттарды оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу "Достук-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Кыргызстандан чыгып жаткандар үчүн төрт паспорттук текшерүүчү кабина иштеп жатат. Буга байланыштуу адамдардын жана унаалардын тыгыны күтүлөт.

Күндүз "Достук-автодорожный" өткөрүү пункту чектелген режимде иштей турганын чек ара кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8760