Жо Байден: Дүйнөдө өзөктүк согуш коркунучу бар, глобалдык кыйроо болушу мүмкүн
RU

Жо Байден: Дүйнөдө өзөктүк согуш коркунучу бар, глобалдык кыйроо болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШ президенти Жо Байден Владимир Путин Украинада тактикалык өзөктүк курал колдонуушу мүмкүндүгүн айтып, мунун тамашасы жок экенин белгиледи. Анын айтымында, дүйнө 1962-жылдагы Кариб кризисинен бери биринчи жолу өзөктүк курал колдонуу коркунучуна туш болууда. Бул тууралуу "Коммерсант" жазып чыкты.

Американын президенти тактикалык өзөктүк куралды колдонуу тез эле көзөмөлдөн чыгып, глобалдык кыйроого алып келиши мүмкүн деп эскертти.

27-февралда, Украинада аскерий операция башталгандан бир нече күн өткөндөн кийин Владимир Путин өзөктүк куралды камтыган стратегиялык бөгөт коюучу күчтөрдү "күжүрмөн кызматтын өзгөчө режимине" өткөргөн эле. 21-сентябрда президент Россиянын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаралса, өзөктүк куралды колдонууга укуктуу экенин эскерткен.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров апрель айында өзөктүк согуш коркунучу бар экенин айткан. Министр ядролук согушка жол берилбестик - бул Россиянын принциптуу позициясы деп ырастады. АКШ жана НАТО Россия Федерациясына өзөктүк куралды колдонуунун кесепеттери тууралуу эскерткен. Ал эми Жо Байден АКШ Россия менен согушууга умтулбайт деп бир нече жолу айткан. Пентагон 6-октябрда Россиянын өзөктүк курал колдонууга даярдыгынын белгилерин байкабай жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8763