Уюшкан кылмыштуу топтун 33 миллион сомдук унаалары мамлекетке өткөрүлдү. Сүрөт
RU

Уюшкан кылмыштуу топтун 33 миллион сомдук унаалары мамлекетке өткөрүлдү. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уюшкан кылмыштуу топтун 33 миллион сомдон ашык суммадагы премиум класстагы беш сооттолгон автоунаа мамлекеттин карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кызматы билдирди.

УКМКнын атайын кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Азырынча мамлекеттин пайдасына конфискацияланган унааларды эмнеге колдонулары айтыла элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8767