Жапаров 70 жашка толгон Путинди мааракеси менен куттуктады
RU

Жапаров 70 жашка толгон Путинди мааракеси менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесин куттуктап, телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлайт.

Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптардын түбөлүк союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгы белгиленди.

Өлкө лидерлери өз ара байланышты туруктуу негизде колдоону шартташышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8769