Бишкекте элчиликтин алдына митингге чыккан россиялык жаран айыпка жыгылды
RU

Бишкекте элчиликтин алдына митингге чыккан россиялык жаран айыпка жыгылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан россиялык жаранга 3 миң сом айып пул салынды. Жактоочу Бакытбек Автандил билдиргендей, мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Жактоочунун айтымында, митингге активист Өндүрүш Токтонасыров менен Өмүрбек аттуу жигит да чыгып, милиция тарабынан кармалган. Бирок аларга эч кандай айып тагылбастан бошотулган.

"Мен бул чечимди туура деп эсептейм, анткени алардын аракетинде эч кандай кылмыштын же укук бузуунун курамы жок", - деди жактоочу.

Бирок Биринчи Май райондук соту үчүнчү катышуучу россиялык жаран Владимирге карата милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбегендиги үчүн кылмыш ишин карап, 3000 сом айып салган.

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте Россиянын элчилигинин имаратынын жанынан Украинадагы агрессияга каршы пикеттин катышуучулары кармалган.

Митингдин жүрүшүндө активист Өндүрүш Токтонасыров баштыктан бир табак палоо менен бир табак таш алып чыгып, "Таш менен урба, аш менен ур" деген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8770