Кыргызстан ЖККУнун машыгууларын өз аймагында өткөрбөй турган болду
RU

Кыргызстан ЖККУнун машыгууларын өз аймагында өткөрбөй турган болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги Жааматтык коопсуздук кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн бейпилдик күчтөрүнүн "Майтарылгыс боордоштук" аттуу машыгуусун өткөрбөө тууралуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында Коргоо министрлигинен билдиришти.

Машыгуулар 10-октябрдан 14-октябрга чейин Кыргызстанда "Эдельвейс" полигонунда өтөрү пландалган. Ошол эле учурда машыгуунун планы ЖККУнун расмий сайтындагы иш-чаралардын календарынан да алынып салынды.

Белгилей кетсек, бул машыгууга Тажикстандын Куралдуу күчтөрү да катышмак.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8778