Кыргызстандык спортчу бильярд боюнча дүйнө чемпиону болду
RU

Кыргызстандык спортчу бильярд боюнча дүйнө чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык Дастан Лепшаков бильярд спортунун "эркин пирамида" дисциплинасы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын дагы бир өкүлү Азизжон Мадаминов турнирдин коло ээси болду.

2022-жылдын 5-октябрынан 8-октябрына чейин Россия Федерациясынын Ханты-Мансийск районунун Югорск шаарында бильярд спортунун "эркин пирамида" түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Турнирге жалпы сегиз өлкөдөн 35 эркек киши жана 16 аял катышты.

Дастан Лепшаков 25 жашта. Ал россиялык бильярд боюнча профессионал оюнчу, Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери. 2014-жылы өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону, чоңдор арасында "динамикалык пирамида" дисциплинасы боюнча 2015-жылдагы дүйнө чемпиону. Азыр чоңдор арасында бильярд спорту боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8779