Ошто унаа сүзүп кеткен окуучу ооруканага жаткырылды
RU

Ошто унаа сүзүп кеткен окуучу ооруканага жаткырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто айдоочу 7 жаштагы баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Ош шаары боюнча Милициянын кайгул кызматынан айдоочу кармалганын маалымдашты.

Окуя 6-октябрда саат 18:30да Курманжан-Датка көчөсүндө катталган. Анда 2015-жылы туулган Р.Э`ни көчөдөн Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 7 жаштагы бала денесинен жаракат алып Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына жаткырылган.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуну аныктап, Ош ШИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8787